Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Футбол боюнча Азиянын Кубогуна арналган беттештердин  бүгүн, 11- январдагы тайпалык раундунун 2-турунда  Кыргызстан курама командасы Корея менен оюнга чыгат. 

Бишкек убактысы бонча саат 22:00дө Аль-Айн шаарындагы стадиондо Кыргызстандын футболчулары Азия Кубогундагы экинчи беттешти Кореянын командасына каршы баштайт.

Кыргызстандыктар биринчи беттешинде Кытайдын курама командасына жеңишти алдырган болчу.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз