Быйыл ажылык сапарга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн Сауд Арабиясы квотанын санын 5510го чейин көбөйттү. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 25 квотага көп. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев билдирди.

“Сауд Арабиянын Ажылык министрлиги азырынча кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын айта элек. Болжол менен март айында такталат. Бул жылы ажылыкка баруу үчүн жалпысынан 7562 жаран катталды ”, – дейт Атабаев

Эске салсак, зыяратчыларды Меккеге “Flaynas” авиакомпаниясы ташый тургандыгы айтылган. Авиабилеттин баасы – 1550 АКШ доллары.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.