Ноябрь айында кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги билдирди.

Быйыл 7-ноябрь жекшемби күнгө туура келгендиктен дем алыш күн шейшемби, 9-ноябрга жылдырылат. 2017-жылдан бери 7-8-ноябрь – Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленип келет.

Мындан сырткары, 7-ноябрда Кыргызстандын ЖМКлары Маалымат жана басма сөз күнүн майрамдашат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.