Кыргызстандык программисттер дарыгерлер менен бирге уникалдуу бионикалык протез кол иштеп чыгышты.

Авторлор протез, азыркы мезгилде чыгарылып жаткандардан ыңгайлуу жана баасы кыйла арзан экенин айтышууда. Учурда адамдын колу аткара турган функцияларды толугу менен протез колго өткөрүү аракети тынымсыз уланууда. Илимпоздор муну менен эле токтоп калчудай эмес.

Билек микрохирургу жана ойлоп табуучу Султан Тукешов “Биз бул ишти практика жүзүндө кыздын колуна тагып көрдүк. Колдун кыймылдаганын, аткарган ишин көргөндө ал жерде тургандардын баарынын көзүнөн сүйүнгөндөрүнөн жаш агып кетти. Андан кийин бул доолбоорду аягына чыгаруу зарыл экенин, биз туура иш жасап жатканыбызды дагы бир жолу билдик. Колду тагынган адамда жашоого башкача көз караш пайда болот. Мындайча айтканда үмүт пайда болот.

Бул ишти эки программист жана төрт дарыгер жыл башында биригип, баштаганбыз. Алгач чет элдик тажрыйбаларды изилдеп чыктык. Андан кийин ишти баштаганбыз. Эмгегибизден минтип ийгилик жаралып отурат”- деди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз