Кыргызстандык мугалимдер Казакстандын Алматы шаарында өткөн эл аралык сынактан байгелүү келишти. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Математика, физика жана информатика боюнча мугалимдердин жана олимпиадалык резервдин машыктыруучуларынын II Эл аралык IMPACT Olympiad ачык чыгармачылык конкурсунда мугалимдерибиз алтын, күмүш жана коло медалга татыктуу болушту.

Конкурска КМШ мамлекеттеринин математика, физика жана информатика мугалимдери катышты. Төрт мугалимден түзүлгөн Кыргызстандын командасынан экөө байгелүү орундарды алышты. Бишкектеги Ч.Айтматов лицейинин математика мугалими Азамат Аскаров коло медаль алса, ушул эле мектептин информатика мугалими Кылычбек Ураимов биринчи орунга ээ болуп, алтын медаль утуп алды. Мындан сырткары Бишкектеги Келечек MIT мектебинин математика мугалими Ишматов Махамадхан күмүш медалды жеңген.

Мугалимдердин жана машыктыруучулардын бул IMPACT Olympiad чыгармачылык конкурсу 2019-жылдын январь айынан бери уюштурулуп келе жатат. Конкурстун негизги максаты – таланттуу, кесипкөй көндүмдөрүн оптималдуу түрдө көрсөтмөлүү колдоно билген чыгармачылык менен иштеген мугалимдер менен машыктыруучуларды табуу, колдоо жана сыйлоо болуп саналат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.