Калктын социалдык абалын жакшыртууда биринчи иретте алардын турак – жай менен камсыздалышы орунчундуу орунду ээлейт. Мамлекеттик, бюджеттик органдарда иштегендер ипотекалык насыяга үйлүү болуп жатышса, алыста иштеп жүргөн мекендештерибиздин каражат топтогондору гана үй алууга үлгүрбөсө, жашоосу өп – чап мигранттардын буга азырынча колу жете элек.

Депутат Сагындык Келдибаев “Региондорду өнүктүрүү” жылынын алкагында КР Өкмөтү мигранттар үчүн турак – жай алууга ипотекалык долбоор иштеп чыгуусу зарыл деп эсептейт. Ал мындай пикиин  “Парламент” радиосунун түз эфиринде билдирди. 

Депутаттын айтымында, мындай тажрыйба коңшу Казакстан, Өзбекстан, Россия менен Украинага окшогон бир катар мамлектеттерде ишке ашырылып келе жатат. Ошону менен катар С.Келдибаев чет жерде жүрүп каза тапкан мигранттардын Жүк – 200 маселеси боюнча да пикирин билдирип, аны алууга каралган компенсация үчүн талап кылынуучу документтердин тизмеси кыскартылыш зарылдыгын белгиледи. 

Булак: NewTV

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз