Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Футбол боюнча Азиянын кубогунун алгагында өтүп жаткан оюнда Кыргызстан курама командасы Корея оюнчуларына 1:0 эсебинде утулуп калды.

Оюндун 41-мүнөтүндө  кореялык коргоочу Ким Мин Же бир гол киргизип, командасын алга сүрөп кетти.

Эми кыргызстандык оюнчулар 16-январда Филиппин курама командасы менен беттешет.

Эске салсак, кыргызстандыктар биринчи беттешинде Кытайдын курама командасына жеңишти алдырган болчу.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз