Өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан кыз Калмира Билимбек кызы экинчи орунду багындырды.

53 кило салмакта күч сынашкан Билимбек кызы финалда кытайдын балбаны кызы Чжаоцзин Шиге жеңилди.

Кыргыздын балбаны кызы Калмира кечээ жарым финалда казакстандык Алтын Шагаеваны утуп, финалга чыккан. Чейрек финалда Кальмира Беларустун кызы Алеся Хетманаваны, жарым чейрек финалда даниялык Мария Хильдегаард Вильумсенди, 1/16 финалда Азербайжандык Эльнура Маммадованы жеңген болчу.

Бул салмакта Беларустук Алеся Хетманава жана япониялык Сейра Немото коло байге тагынышты.

Болгария борбору София шаарында эркин, кыз-келиндер жана грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө биринчилиги 29-июлда балталган. Мелдеш 5-августта аяктайт.

Дүйнө чемпионатын unitedworldwrestling.org сайты түз алып көрсөтүп жатат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.