Учурда өлкөдө орточо эмгек маяна 14 500 сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 6,5 пайызга өстү. 

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, учурдагы валюта курсу менен алганда бир жумушчунун эмгек акысы айына  212 долларды түзөт. 2017-жылга  салыштырганда маяналар  номиналдуу да, реалдуу да жогорулатылган. 

Атай кетсек, кызмат көрсөтүү ишмердүүлүгүндө — 21,5%,  курулуш тармагында айлык акы — 22,8%,  илимий жана техникалык тармакта — 13,8%, кыймылсыз мүлк тармагында — 12,8%, мамлекеттик башкаруу жана коргонуу тармагында — 10,9 %га чейин  өскөн.

Булак: NewTV

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.