Өлкөдө үстүбүздөгү жылдын башынан бери жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жоголушу боюнча 99 учур катталган.

ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, жоголгон балдардын 91 табылып, 8 жашы жете элек өспүрүмдү издөө уланууда.

Алардын мындай кадамдарга баруусунун себептери ата-энелери менен келишпестик болсо, айрымдары адашып кеткендиги такталган.

Милиция учурда жоголгон сегиз өспүрүмдү издеп жатат. Жалпысынан жоголгон 99 баланын 53ү эркек балдар, 46сы кыздар.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз