Кыргызстанда биринчи жолу таажылуу вирустун британиялык штаммы катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Министрдин айтымында, Москвадагы лабораториядан келген анализдердин жыйынтыгы Кыргызстанда штаммдын бар экендигин тастыктаган.

Былтыр декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 илдетинин жаңы мутациясын табышкан. Ал тездик менен тарап жатканы, буга чейинки вируска караганда жугуштуулугу 70 пайызга бат экени маалым болгон.

Республикалык штабдан билдиришкендей, өткөн суткада Кыргызстанда 380 кишиден таажылуу вирус табылып, 164 бейтап оорудан сакайып чыкты.

Ушуну менен илдет аныкталгандардын саны 93 006га жетти. Ал эми оорудан айыккандардын саны 87 554 болду. Тилекке каршы, кечээтен бери аталган оорудан Бишкекте төрт, Чүй облусунда бир киши каза болду. Жалпы көз жумгандардын саны 1 566га жетти.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.