Кыргызстанда обсервацияда жаткан Франциянын жараны инсультка кабылып, ага тийиштүү дарылануу дайындалды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министринин басма сөз кызматы билдирди.

Ал Улуттук хирургия борборунда изолятордо жаткан болчу. Ден соолугунун абалы боюнча чет өлкөлүк жаранга атайын медициналык чараларды жүргүзүү талап кылынган. Ага МРТ жасалгандан кийин, ТИМдин жардамы менен бул жаран жакындарынын сурануусу боюнча үй карантинине жөнөтүлдү.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.