Түйшүгү оор, бирок айлыгы аз кызматтар. Мугалимдер менен дарыгерлердин жарыбаган айлык акылары боюнча маселе ар дайым көтөрүлүп келет. Жакында эле Жогорку Кеңеште социалдык көйгөйлөрдү көтөрүп чыккан депутат Исхак Масалиев агартуучулар менен дарыгерлердин маянасына кызыгып, тиешелүү мекеменин жетекчилерине суроо узаткан болчу.

Ал эми алыскы аймактардагы айрым жаш мугалимдер 4 миңге чейин гана айлык алаарын айтып, нааразы.  

Айлык маселесинен келип чыккан орчундуу жагдай Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел айылындагы орто мектебинде катталды. Анда 27 мугалим өз каалоосу менен жумуштан кетүү тууралуу арыз жазышкан. Мугалимдердин жумуштан кетип жаткан себеби — 2017-жылдын февраль айынан баштап аталган мектептин педагогдору бийик тоолуу шарттарда иштегени үчүн эмгек акыга кошумча үстөк албай калышкан. Кошумча үстөктөр 2016-жылдын ноябрында райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан жоюлуп салынган. Мугалимдер ушул убакка чейин чыдап иштеп келишкенин, окуу жылдын аягына маселе маселе чечилбесе, башка мектептерге кетерин айтышууда.  

Мындай айлык маянанын аздыгы бир эле алыскы айылдарда эмес, шаардын чет жакаларында да орун алат.  

43 жылдан бери Бубусара Бейшеналиева атындагы орто мектебинде агартуучулук кесипти аркалап келаткан Вера Оганова учурда башталгыч класстарга сабак берет. Өз кезинде бул кесипти таштап, жогорку өлчөмдөгү маянага кызыгып, соода тармагында да алектенип көргөн. Бирок, ал жактын акчасы жакшы болгону менен, сүйгөн кесиби башка дүйнөгө койо берген эмес. Бирок, алган айлыгы 3 же 4 балалуу мугалимдерге турмак, жаштарга да таптакыр жетпей турганын айтат.  

Бул мектепте жолдун алыстыгына карабай, Көк-Жар конушунан келип иштегендер да бар экен. Алган маянасынын 20 пайызы жол акысына кетет. Калганы күнүмдүк тамак – ашына эле жеткени болбосо, кокус ооруп калсаң, бул айлыкка дарыланам деп кыялданбай деле койсо болот дешет алар.  

Айлык маянанын аздыгы мугалим менен дарыгерлерге эле таандык көрүнүш эмес, социалдык тармактарда иштегендердин баарынын абалы окшош. Маданият тармагын аркалагандар, театр, музейде иштегендер деле жарытылуу айлык алышпайт. Бул маселелер Жогорку Кеңештин трибуналарында канча ирет көтөрүлгөнү менен жолго коюлбай келет.  


(Фото интернеттен алынды)


Булак: NewTV  

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.