Кыргызстанда 2020-жылы Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат. Бул туурасында билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Гүлмира Кудайбердиева МГУнун ректору Виктор Садовничий менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Жол картасын талкуулоого Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов да катышты.

“Кыргызстан менен Россиянын мамлекет башчылары 2020-жылды кыргыз-орус кызматташтыгынын жылы деп жарыялады. КРдин Билим берүү жана илим министрлиги бул маселени өкмөттөр аралык жолугушуулардын күн тартибине киргизүү боюнча аракеттерди баштады”, — деди Кудайбердиева.

Жол картасын талкуулоо учурунда филиалды ачуу 2020-жылга пландалганы айтылат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.