Кыштын узак жана оор болушу ден соолукка терс таасирин тийгизерин адистер айтып келишет. Ошондуктан айрым өлкөлөрдө бул мезгилде саат жебеси бир саатка артка  жылат. Совет учурунда Кыргызстанда да  саат күндүн узарышына жана кыскарышына жараша жылына эки жолу – жазында 1 саат алдыга, күзүндө 1 саат артка жылдырылчу. Кыргызстан мындай эрежеден 2005-жылы баш тарткан.

Айта кетсек, буга чейин эл өкүлдөрү да бул маселени көтөрүп , бала бакчага жана мектепке таңкы саат 7де барган балдардын уйкусу, психикасы бузулуп жатканын жана жолдо автокырсыктар көп болуп жатканын жүйө келтирген жайы да бар.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.