Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы” долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Бул боюнча Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Мал союу жайларын түзүү же иштеп жаткандарын модернизациялоо жана аларды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү зарыл. Ушул багыттарда Ислам өнүктүрүү банкы менен заманбап адал эт паркын куруу боюнча долбоорго техникалык-экономикалык негиздемени биргеликте иштеп чыгуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Адал стандарты азык-түлүктүн башка түрлөрүнө да жайылтылат.

Келишимге ылайык, Ислам өнүктүрүү банкы бул багытта 380 миӊ доллар каражат бөлүүгө даяр. Ал эми кыргыз тараптын салымы – 50 миӊ доллар. Бул каражаттар долбоорду изилдөөгө жана логистикалык чыгымдарга багытталат. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккандан кийин адал эт паркы курула турган жер тандалып алынмакчы.

Ислам өнүктүрүү банкы “Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы” долбоорунун техника-экономикалык негиздемеси иштелип чыккандан кийин, бул долбоорду ишке ашыруу багытында 10 млн долларга чейин каражат бөлүүгө даяр экени белгилүү болду.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.