Билим жана илим министрлигинин маалыматы боюнча учурда 64 жогорку окуу жайлары абитуриенттерди кабыл алып жатыптыр.
Албетте биздей чакан өлкөдө мынчалык көп сандаган жогорку окуу жайлардын болушунун өзү канчалык опурталдуу.
Анткени саны көп сапаты жок ЖОЖдордо билим берүү деңгээли абдан эле төмөн бойдон калууда.
Азыр эптеп эле контракттык негизде окутуп акча жасоо ЖОЖдор үчүн негизги максат болуп калгандыгы абдан өкүнүчтүү.
Дээрлик көпчүлүк окуу жайларда студенттердин жарымы эле сабакка жумалап, айрымдары бир айда бир барса барат, барбаса жок.
Ананда 60 пайыз ЖОЖдордун материалдык, техникалык абалы, окуу корпустары учур талабына жооп бербейт.
Окутуучулардын көпчүлүгү пенсия жашындагы кары-картаңдар.
Алар сабактарды хх- кылымдагыдай эскиче өтүшөт.
Өткөн кылымдын базасында, эски методика менен эптеп-септеп билим алган студенттер анан кантип келечек ээлери болчудай татыктуу билим алышат.
Азыр билимдүү, заманбап көз караштагы жаштар жогорку окуу жайларында окутуучу болуп эмгектенишпейт.
Анткени ЖОЖдордо мугалимдердин эмгек акылары абдан төмөн.
Орточо 10 миң сом.
Профессорлор 15 – 20 миң сом айлык алат.
Анан албетте ошол алган айлыгына жараша билим беришет.
Азыр 15-20 миң сом айлыкты жогорку билими жок эле, атайын орто билими барлар курулушта же башка тейлөө кызматтарында иштегендер жөн эле алышат.
Керек болсо андан эки эсе көп да болгон жагдайлар бар.
Билим берүү жана илим министрлиги санда саатка маани берип, тез арада билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу зарыл.
Антпесе ЖОЖдорубуз келечектин эмес, өткөн чактын кадрларын даярдап, өлкөбүз алдыга кетпей, артка кетип калбасын…

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.