Быйыл “Алтын Тамга” сынагына 1250 талапкер катышып, 234 бүтүрүүчү (19%) артыкчылык аттестатына татыктуу экендигин тастыктады. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билим берүү жана илим министрлигинин чечимине ылайык, “Алтын Тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо менен (дене табын өлчөө, колдорду зыянсыздандыруу, жеке орундуктарды бири-биринен 1,5 метр аралыкта жайгаштыруу, талапкерлердин тыгынын алдын алуу үчүн тестке катышуу убакыттарынын графиктери) бардык облустук борборлордогу жана Бишкек шаарындагы тест ѳткѳрүү жайларында жүргүзүлдү.

Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү – сынак реалдуу режимде планшеттер менен ѳткѳрүлдү. Талапкерлер тест тапшырып бүтөрү менен жыйынтыктарды дароо алып жатышты.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.