Кыргызстан Өзбекстанга майда мүйүздүү мал жана картошка экспорттой баштады. Бул туурасында Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинен билдирди.

Кыргызстандын Өзбекстандагы  Элчилигинин  колдоосу менен «Кей Эм Джей» (КыргызРеспубликасы) жана «YOSHG’AYRAT AGRO»(Өзбекстан Республикасы) компанияларынын ортосунда кол коюлган 1,2 млн. АКШ доллар суммасындагы Өзбекстан Республикасына ири жана майда мүйүздүү малдарды (уйлар, койлор) экспорттоо контрактысына ылайык 2019-жылдын 6-декабрында “Достук-автожол” көзөмөлдөө-өтүү өтмөгү аркылуу майда мүйүздүү мал экспорттоло башталды.

Андан сырткары, 1 млн. АКШ доллар суммасындагы келишимдин негизинде Өзбекстанга картошканы экспорттоо башталып, жакынкы аралыкта алманы экспорттоо күтүлүүдө.

 

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.