Орусиялык «Спутник V» вакцинасын сатып алууга Каржы министрлиги 215 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Министрдин айтымында, учурда Орусия тарап менен вакцинанын баасы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. «Орточо баасы бир доза үчүн 8-10 доллардын тегерегинде болот. Бул боюнча бүгүн Орусиянын саламаттыкты сактоо министри менен сүйлөшөм», – деп кошумчалаган Бейшеналиев.

Ал эми Орусия убада кылган 500 миң доза вакцина май-июнь айларында келери айтылган. Накталай сатып алына турган вакциналар дароо келет деп белгилеген.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда Кытайдан келген SinoFarm вакцинасы колдонулууда. 150 миң дозада гуманитардык жардам катары келген вакцина менен 75 миң адамдын эмделүүсү күтүлүүдө.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.