Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 2019-жылдын 12-июнь күнү саат 07:31де Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз