Кыргызстан Орусиянын “Газпромбанкы” менен кызматташуу меморандумуна кол койду. Документ мамлекеттик долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу жаатындагы келишимдерге банктык колдоо көрсөтүүнү көздөйт. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 22-ноябрда “Газпромбанктын” биринчи вице-президенти жана башкармалыктын мүчөлөрү менен жолугушту.

Алар банктык колдоо кызматтарын илгерилетип, мамлекеттик сатып алууларды каржылоо механизмдерин да талкуулашканын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Меморандумга кыргыз тараптан финансы министри Алмаз Бакетаев жана “Газпромбанктын” аткаруучу вице-президенти Олег Мельников кол койду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусияга 22-ноябрда кеткен.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.