2021-жылдын 12–февралында “Кыргызстан – чексиз уникалдуу! Ички туризмди өнүктүрүү үчүн санариптик чечимдер” интерактивдүү көргөзмөсүнүн расмий ачылышы болуп өттү.
Анда Туризм департаментинин директору С. Шатманов коноктор менен саламдашып, Германия Федеративдүү Республикасынын Элчиси М.Иверсенге, Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинини туруктуу өкүлү Немото Наоюкиге (JICA), Европа Биримдигинин Элчиси Эдуард Ауэрге жана А. Салымбеков негиздеген Салымбеков фондуна, тоо-лыжа база комплекстерин 3D-панорамалык картасын тартууга колдоо көрсөткөн эл аралык Швейцариянын Хельветас-Кыргызстан уюмунун жетекчиси Анна де Беерге жана Йоханнес Худобага, Туризм департаментинин мурдагы жетекчиси Максат Дамир уулуна, долбоордун автору Максат Конушалив жана анын командасына долбоорду ишке ашырууга кошкон олуттуу салымы үчүн өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

Ошол эле учурда С.Шатманов өнөктөштөрдү Кыргызстанда туризмди биргеликте өнүктүрүүгө үндөдү, ошондой эле биздин өлкөнүн ар бир жараны жаратылышка жана туристтерге аяр жана сылык мамиле жасап, табиятыбызды таза сактап, экологиябызды коопсуз жана кооз кылып, туризмдин өнүгүшүнө салымын кошо алаарын баса белгиледи.
Бардык сактык чараларын эске алып, биз Кыргызстанды жаңы бурчтан таба алабыз.

Көргөзмөнүн расмий ачылышы Г.Айтиев музейинин кинозалында өттү. Ачылышка президентин аппаратынын гуманитардык өнүгүүнү мониторингдөө жана жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы К.Базарбаев, өкмөттүн аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Ж.Саралаева,  экс-вице-премьер-министр Э.Сурабалдиева, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Э.Ауэр, Германия Федеративдик Республикасынын Кыргызстандагы элчиси М.Иверсен, Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин туруктуу өкүлү (JICA), Немото Наоюки, Швейцариянын Хельветас-Кыргызстан уюмунун жетекчиси Анна де Беер, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин маданият жана туризм боюнча өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси Н.Шимшеклер, ошондой эле башка эл аралык өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн, Кыргызстандын туристтик ассоциацияларынын жана туристтик кызмат көрсөтүүчү компаниялардын өкүлдөрү катышты.

3D виртуалдык реалдуулук көз айнектеринин жардамы менен коноктор кыргыз сүрөтүнүн алтын фондусунан көбөйтүлгөн реалдуулук менен сүрөттөрдү көрүп, LED экрандарынан жаркыраган кадрлардын астында өлкөнүн бурчтарын кыдырып чыгышты.

Көргөзмө Туризм департаменти тарабынан уюштурулуп, Жапониянын Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (JICA), Европа Биримдиги, Германиянын экономикалык кызматташтык жана өнүгүү Федералдык Министрлигинин (BMZ) каржылык колдоосу жана Кыргыз коомчулугуна негизделген туризм ассоциациясынын жардамы менен уюштурулду.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.