Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстан менен Бангладеш ортосундагы футболдук беттештен кийин өлкөнүн футбол боюнча курама командасы жана машыктыруучуларына жолугуп, жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирип, видеосун Facebook баракчасына жүктөдү.

Анда көрүнүп тургандай, Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен футболчулар эс алган бөлмөгө кирип, спортчуларга ыраазычылык билдирген.

“Азаматсыңар жигиттер! Жакшы оюн көрсөттүңөр. Силерге ийгиликтерди каалайбыз, дайыма уткула. Келечегиңер кең болсун”, — деди өлкө башчы.

Президент курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин да колун кысып, рахматын айткан.  Андан соң футболчулар Садыр Жапаровго топ белек кылып, чогуу сүрөткө түшүшкөн.

Эске салсак, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бангладешти 4:1, ал эми палестиналыктарды 1:0 эсебинде утуп, “Үч улуттун кубогу” жолдоштук мелдешинин жеңүүчүсү аталды. Мелдешке президент да күбө болгон.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.