Бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо иштеринин 92 пайызы аяктады. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков маалымат каражаттарына бүгүн билдирди.

Анын айтымында, чек ара сызыгынын 85 пайызы 2017-жылы макулдашылып, келишимге кол коюлган. Андан бери болжол менен дагы 8 пайыз макулдашылды.

«Бүгүнкү күндө макулдашылбаган 10го жакын аймак бар. Анын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда. Бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жер аянттарын айырбаштоону караган жокпуз», — деди Жеңиш Разаков.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз