Кыргыз-өзбек чек ара маселеси 100 пайыз чечилди. Бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү жыйынтыкталды.

Ташкентке кыргыз делегациясын жетектеп барган УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов төрагалык кылган кеңешменин жүрүшүндө чек аранын калган тилкелерин делимитациялоо маселеси талкууланып, протоколго кол коюлду.

Эртең, 26-март күнү өкмөттүк делегациянын башчысы Камчыбек Ташиев эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы жана кабыл алынган чечимдер тууралуу Өкмөт үйүнүн пресс-борборунда толук маалымат берери белгилүү болду.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.