Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдуктун консулу Алымбеков Нурлан  Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн буюмдарды Россиянын Свердлов облусуна ташыган транспорттук компаниялардын өкүлдөрү жана «CIN-Терминал» Акционердик Коомунун Башкаруучусу Денисов Валерий Алексеевич менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Кыргызстандын айыл-чарба азыктарын өндүрүүчүлөр жана Свердлов облусунун товар өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда тикелей байланыштарды өнүктүрүү, жүктөрдү тариздөө, коопсуздугун камсыздоо жана аларды Екатеринбург шаарынын ири соода борборлоруна жеткирүү талкууланды. Ошону менен бирге Кыргызстанда өндүрүлгөн азыктарды, товарларды кабыл алуу жана таратуу үчүн атайын борбор уюштуруу мүмкүнчүлүгү каралды.

Консул Н. Алымбеков жолугушууда Екатеринбург шаарынын ири соода борборлорунун жана Кыргызстандын өндүрүүчүлөрүнүн жана алардын азыктарын, товарларын ташуу менен алектенген транспорттук компаниялардын өкүлдөрүнүн жолугушуусун уюштурууну сунуштады.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.