19-20-ноябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстанга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, иш сапардын алкагында Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен жолугушат. Жолугушууда саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдө кыргыз-тажик кызматташтыгы тууралуу сөз болору күтүлүүдө. Мындан сырткары, тараптар кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча маселеге өзгөчө көңүл бурары айтылды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.