Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды укук коргоо кызматкерлери менен чек арачылар  көзөмөлгө алууда. Бул тууралуу жергиликтүү өздүк булактар кабарлады.

Тажик тарапта калып калган кыргыз жарандары Кыргызстан тарапка өткөрүлгөн. Алар жабыркашкан эмес.

Эске сала кетсек, кечээ күндүз чек арага жакын жайгашкан Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда нааразычылык чыккан. Эки тараптан бири- бирине таш ыргытуу болуп, айрымдар жабыркашкан. Тажик тараптан бир адамдын каза болгондугу да айтылууда.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз