1991-жылдары Совет мамлекети кыйрап калгандан кийин Тажикистан оор саясий-экономикалык, согуштук  кырдаалга  тушукту. 1992-1997-жылдар аралыгында бул өлкөдө өрт алган граждандык согуштун кесепети кандай оор болгонун 2005-жылы 18-майда Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиевдин Дүйшөмбүгө жасаган расмий иш сапары учурунда Тажик Президенти Эмомали Рахмон өтө өкүнүч менен минтип эскерген:

“Биз өтө оор  жарандык согушту баштан кечирдик. Бул ички  согушта 100 миңден ашуун  атуулдарыбыздан айрылдык. Өлкөнүн  экономикасы  4 млрд. АКШ доллар өлчөмүндө зыянга учурады. Мындай каргашалуу окуяны эч бир мамлекет башынан кечирбесин. Ошол оор күндөрдө тажик элине достук колун сунган кыргыз элине ырахмат айтамын. Тынчтыктын кадыры канчалык экенин биз жон терибиз менен сездик. Сиздердин өлкөдө да тынчтык болсун” деп, кыргыз делегациясын абдан жылуу тосушкан. Бул  мамлекеттик делегациянын курамында журналист катары мен да болгондуктан мунун баарын өз көзүм менен көрүп, күбө болдум. Ошол кезде Акаевдик режим кулап, бийлик башына К. Бакиев жаңы келген болчу.

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫ: ӨТКӨНҮН УНУТКАН КЕЛЕЧЕГИН КӨРӨ АЛБАЙТ

Чындыгында дал ошол 1992-1997-жылдар аралыгында Тажикстанда кандай каргашалуу окуялар болуп, өлкөнүн он миңдеген эли тозуп, кычыраган кышта үй-жайларын таштап, жылаңайлак Кыргызстанга өтө качып, баш калкалашкан. Алардын дээрлик көпчүлүгү дале болсо Кыргызстанда жашашууда. Ошол учурда тажик-ооган чек арасы да кайтаруусуз калгандыктан Орто Азия өлкөлөрүнүн тынчтык орнотуу батальондору («Ценразбат”)  тажик-ооган чек арасын кайтарып турушкан. Кыргызстандын аскер батальону Ишкашимде (Тоолуу Бадахшан автоном облусу) чек ара күзөтүндө турганда ал жакка журналист катары мен да барып, чек арадагы кырдаал менен таанышып келгем. Тоолуу Бадахшан элинин ошол кездеги оор турмушу менин көз алдымдан дале болсо кетпейт.

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫ: ӨТКӨНҮН УНУТКАН КЕЛЕЧЕГИН КӨРӨ АЛБАЙТ

Буларды эскерип айтып жатканымдын себеби кыргыз-тажик эли эзелки тарыхтан бери бекем достукта, ынтымакта жашап келишкен. Кыргыз баатыры Манастын аялы Каныкей (Санирабига ) энебиз да тажик кызы болгону эки элдин кылым карыткан достугунан кабар берет. Эми бүгүн кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүү кызуу талкуланып жатканда тажикистандык айрым  Хамрохон Зарифи сыяктуу  “политтехнологдор” ар нерсени айтып, эки өлкөнүн эзелтен келе жаткан достук мамилесине муздак суу бүркүп, өздөрүнүн башынан өткөн кечээки эле жарандык согуштун кесепетин тез унутушуп, Кыргызстанды “тынчыбаган, саясий туруксуз” өлкө деп шылдыңдагансып жатышат. Ооба, Кыргызстан да эгемендүүлүк алган жылдары оор сыноолорду , саясий туруксуздукту башынан өткөрүп келет.  Чындыгында мамлекеттин пайдубалын түптөө оңой иш эмес экен. Ошентсе да бүгүн тажикистандык саясатчылар Кыргызстанга күлө тургандай жыргаган абалда эмес. Балким алар бизге суктанышса болоор. Алар оор тоталитардык, үй-бүлөлүк башкарууну башынан кечирип жатышат. Учурда тажик президенти Э. Рахмондун кызы президенттик администрацияны жетектесе, уулу Дүйшөмбү шаарынын мэри, ошол эле учурда парламенттин бир палатасын да жетектейт. Нонсенс! Мындай жөрөлгө дүйнөдө жок. Тажик саясатчылары Кыргызстанды сындагандан көрө ушуларга көңүл бурушпайбы?! “Өз башындагы төөнү көрбөй, башкалардын башындагы чөптү көргөн” Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи сыяктуу “политтехнологдор”  кай жакты карашат?! Дал ушул Хамрохон Зарифи сыяктуу “эшек тушоосун чечпеген” саясатчылардын айынан чек ара маселеси бүгүнкүгө чейин чечилбей келди.

Акыркы учурда УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек араларын чечүүгө жасаган жигердүү аракети колдоого гана алынууга тийиш. Анткени коңшу өлкөлөр ар дайым чек ара чыры менен жашабай, маселени биргеликте чечип, чогуу-чаран өнүгүп-өсүшү керек. Биз Кудай кошкон түбөлүктүү коңшу мамлекеттербиз. Аймактын коопсуздугу, тынчтыгы, өнүгүп-өсүшү  чогуу аракетти талап кылат.  Муну өзбек президенти Ш.Мирзиёев эң жакшы түшүнүп, өзбек-кыргыз чек арасын чыр-чатаксыз чечүүнү колго алды. Тажик президенти Э. Рахмон да тажрыйбалуу, кыраакы саясатчы катары ушундай кадамдарга барып, эки өлкөнүн чек ара маселесине чекит коюлушуна колдоо көрсөтүүсү керек. Антпесе бул маселе “Чубактын кунундай” чубалып кете берет. Андан эки өлкөгө тең эч пайда жок.

Сакы Садыков, журналист

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.