Кечээ, 6-майда саат 09:17де Кыргызстан жана Таджикистан чек араларында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4 балл, жана Нура, Иркештам, Кек-Суу, Икизяк, Кара-Кимдик айылдарында 3 балл, Сары-Таш, Арса-Булак, Талды-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Булак: NewTV

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз