Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Кыргызстанга расмий иш сапар менен келген Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Бинали Йылдырым эки тараптуу сүйлөшүүлөр тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө маалымат беришти.

Анда жолугушуулар эки тарапка тең жемиштүү болгондугу айтылды. Д. Жумабеков: “Учурдагы эки мамлекет ортосундагы соода-сатыктын көлөмү 300 млн. АКШ долларын түзөт. Ага ылайык, жолугушууда соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд. АКШ долларына чыгаруу максатыбызды кеңири талкууладык. Бул үчүн тиешелүү министрликтер ортосундагы тыгыз алаканы калыптандыруу менен  бажы төлөмдөрүн байланышкан маселелерди сүйлөштүк. Айрыкча, сүйлөшүүлөрдө Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын Түркия Республикасына сатуу маселесине басым жасалды”, – деди.

Мындан сыркары келишимге ылайык, эки өлкө өз аймактарында расмий түрдө иштеген мигранттардын эмгек стажы таанылып, пенсия төлөнө баштамакчы.

Өз кезегинде Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Бинали Йылдырым жылуу кабыл алгандыгы үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирди. Бинали Йылдырым “Жолугушууда алакаларды арттырууга байланышкан маанилүү пикир алмашуу болду. Эки өлкөнүн кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган бардык маселе кеңири талкууланды. Ал эми Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди биздин парламент да жакынкы аралыкта колдоп берет деген ойдомун. Анткени эки өлкө парламенттеринин негизги максаты жарандардын социалдык камсыздоо маселесин чечүү”, – деди.

Андан тышкары, парламенттер аралык кызматташтык маселесине токтолгон Бинали Йылдырым бул жааттагы байланыштарды арттырууда депутаттык достук топторуна чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн билдирди.

Белгилей кетсек, 6-декабрда Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Бинали Йылдырым Кыргызстанга расмий иш сапар менен келди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.