Москвада жашап-иштеп жаткан элүүгө жакын кыргыздар жол кырсыгына кабылган Чыңгыз Анарбек уулун колдоп, Кызыл аянтта флешмоб өткөрүшөт. Бул маалыматты уюштуруучулар билдиришүүдө. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарада кыргыз мигранттары орусиялык жана чет өлкөлүк жарандардан төрт тилде кечирим сурайт.

Уюштуруучулардын бири Азизбек.”Чыңгыздын окуясы кокустук болду. Албетте, күнөөсү бар, бирок бактыбызга жараша адам өмүрү кыйылбады. Биз баарыбыз аны колдошубуз керек. Москванын сааты менен кечки жетиде борбордук аянтка чогулуп, жигиттер калпак, кыздар болсо кыргыз оймолору бар чыптама кийип алып, жергиликтүүлөрдөн жана коноктордон кечирим сурайбыз. Бул учурда эл футбол оюндарынан эс алып, көпчүлүк аянтка чогулган болот. Кечирим суроо иш-чарасы төрт тилде болот: англис, орус, испан жана кыргыз. Ал эми унаа кырсыгынан жабыр тарткан сегиз жарандын өздүгүн, кайда экенин тактап жатабыз, табылып калса, аларга дагы кечирим сурап барабыз”, -деди.

Буга чейин маалыматтарда Чыңгыз Анарбек уулуна акчалай жардам чогултуу аракети да башталгандыгы айтылган болчу.

Дагы бир “Kg-Rus” коомунун мүчөсү Асел Лабаева буларга токтолду: “Атайын кайрымдуулук коомунун жардамы менен акча топтоо активдүү жүрүп жатат. Бүгүн Москвага Чыңгыздын апасы келет экен, аялы жана бир туугандары ушул жакта. Акча чогулгандан кийин жардам иретинде аларга берели деп жатабыз”, -дейт.

Элден жыйналган каражат Чыңгыздын окуясы боюнча адвокат жалдоого, жакындарынын жол чыгымдарына жумшалат.

Орусияда иштеп-жашап келе жаткан кыргыз мигранты, 28 жаштагы Чыңгыз Анарбек уулу унаасын башкара албай, жол боюндагы бир нече адамды сүзүп кеткен. Маалыматтарга ылайык, кырсыктан сегиз адам жабыр тартып, эч ким каза тапкан эмес.

Жалал-Абаддык Анарбек уулу Чыңгыз буга чейин бир дагы кылмыш жообуна тартылган эместигин облустук милиция кабарлоодо. Ал активдүү иштеп, спорт менен машыккан дешет жакындары.

КРдин ММА жана Панкратион федерациясынын Орусиядагы өкүлү Улан Кошматовдун жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде, Чыңгыз былтыр эле Сочиде өткөн панкратион боюнча дүйнө чемпионатында 3-орунду ээлеген. Андан башка дагы мелдештерге такай катышып келген.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз