Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак чек арасында жайгашкан “Чалдовар автожолу” контролдук-өткөрмө пунктунан 1,6 млн сомго 26,1 тонна түрмөктөлгөн кездеме жана 1 млн сомго жакын суммадагы 21 тонна жасалма комплекстүү жиптерден кездеме алып өтүүгө аракет кылган айдоочулар кармалган.

Салык кызматынын маалыматына караганда, импорттоочуларда электрондук эсеп-фактуранын кагаз көчүрмөсү Казакстан Республикасынын салык органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн эмес, ошондой эле СТ1 формасындагы товарлардын келип чыгуу сертификаты жок болгон. Коштоочу кагаздагы тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын көрсөтүлгөн коду товарларды алып коюунун тизмесинде бар, башкача айтканда бул товарлар Казакстандын аймагында сатуу үчүн гана арналган жана ЕАЭБнын башка өлкөлөрүнө алып чыгууга болбойт.

Мыйзам бузуу материалдары мобилдик топко (ЭККМК) андан аркы иш-чараларды өткөрүү үчүн өткөрүлүп берилди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.