Улан Курманов И.Абраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтуна директор болуп шайланды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган кызмат орунга Курманов добуш берүүнүн жыйынтыгы менен дайындалган.  Директорлукка экинчи альтернативалуу талапкер катары Кыргыз-Орус Славян университетинин автоунаа транспорту кафедрасынын доценти Мирлан Алсеитов сунушталган.

Жетекчини шайлоо Кыргыз авиациялык институтунун жамаатынын добуш берүүсү аркылуу ишке ашырылды. Улан Курманов буга чейин аталган институтта директордун милдетин аткарып жаткан.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз