Чек ара мамлекеттин эң көйгөйлүү маселеси. Бул нерсе өлкөнүн ички дагы, сырткы да саясатына таасирин тийгизет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутат Умбеталы Кыдыралиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Чек арада болуп жаткан кырдаал акыркы жылдары курчуп, айрыкча 2019-жылы бир нече ирет козголду. Бул Советтер союзунан бери чечилбей келе жаткан көйгөй. Мындай маселени чечүү үчүн эки мамлекетте тең каалоо болушу керек. Биз кыргыз тарап айтып жатабыз, 1992-жылы 8-декабрда Алматыда болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча чечишели деп. Ал эми, тажик тарап союз учурундагы сүйлөшүүлөрдү негиз катары кармап жатат. Биз 2002-жылдан бери айтып келебиз, өлкө үчүн эң көйгөйлүү маселе чек ара болгон соң тактайлы, баарыбызга керек деп. Себеби бул нерсе мамлекеттин ички дагы, сырткы дагы саясатына таасирин тийгизет. Бирок, тажик тарап бизди укпай жатат”,-дейт Кыдыралиев. 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.