Атайын кызматтагы аскерди айдоочу кылып дайындап алган, деген жүйөө менен ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановго карата дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынында аскер прокурору Нуркамал Набиев билдирди.

Анын айтымында, Асанов эч кандай буйругу жок эле аскерди жанына алып алган. Учурда тергөө жүрүп жатат деп кошумчалады.

Эске салсак, Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов “кыргыз милициясына чыккынчылык кылды” деген айып менен кызматтан кетип, иш козголгон. Биринчи май райондук сотунда 27-августта анын баш коргоо чарасы каралып, 13-октябрга чейин үй камагында калтырылган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.