Жогорку Кенештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети Ош облусунда көчмө жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Көчмө жыйындын алкагында комитет мүчөлөрү Гүлчө айылындагы Курманжан Датканын музейинде болуп, тарыхый-маданий жайдын абалынан кабар алышты.

Музейдеги негизги көйгөй чатырынын эскилигинде болууда. Катуу жамгыр жааганда чатырынан суу агып, чака менен тоскон учурлар болот дешет музей кызматкерлери.  Депутаттар бул маселени чечүүнү Өкмөттүн тийиштүү өкүлдөрүнө тапшырды.

Ошондой эле комитет мүчөлөрү Алай районундагы Арпа-Тектир, Корул, Тогуз-Булак айылдарындагы мектептердин абалынан кабар алышты. Алсак, Тогуз-Булак айылында жайгашкан Бекташев атындагы орто мектепте көмүр жок, класстык бөлмөлөр суук. Мектеп директору берилген көмүр түгөнгөнүн айтып, жагылган көмүрдүн да сапаты начар болгонун билдирди. Тармактык комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова маселени тез арада чечүү керектигин белгилеп, көмүрдүн сапаты боюнча тиешелүү териштирүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгын кошумчалады.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.