Учурда Москвада дарыланып жаткан Чүй ОИИББнын жетекчиси Самат Курманкуловго “Эрдик” медалын Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев тапшырып келди.

Саламаттык сактоо министрлиги, Курманкулов өз алдынча басып, сүйлөп калгандыгын билдирген болчу.

Эске салсак, Самат Курманкулов 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда башына таш тийип, оор жаракат алган. Анын дарылануусуна мамлекеттен 2 миллиондон ашык акча бөлүнгөн.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.