Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылуу коркунучу бүтө электигине байланыштуу 2020-жылдын 31-июлундагы Курман айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт. Мындай маалыматты Муфтияттан билдиришти. Бул чечим элибиздин саламаттыгы жана коопсуздугун камсыздоо жана вирусту жайылтпоо максатында кабыл алынган.

Ошондой эле Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгы абалды туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Курман айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдоого, бул күнү бири-бирибиздикине айттап барбастан, үйлөрдө курмандыгыбызды чалып, Куран окуп, мамлекетибизге, элибизге, жерибизге жакшылыктарды тилеп, маркумдарыбызга дубаларыбызды багыштоого чакырат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.