Акыркы жылдары өлкөбүздүн экономикасындагы өсүштүн бир өңүтү курулуш тармагынын эсебинен болуп жаткан.
Курулуштагы эң чоң үлүш Бишкекте андан кийин Ош шаары менен Ысык-Көлдө болчу.
Пандемиядан улам аталган тармак катуу жабыркап, акыркы алты айда 8,9 пайызга ылдый кулаган.
Кыргызстандагы жумуш орундары да дал ушул курулуштун эсебинен аз да болсо чечилип келген.
Айрыкча турак жай курулушу алсырады.
Курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн батирлерин көбүнчө Орусиядагы эмгек мигранттарыбыз сатып алышчу.
Азыр алардын көпчүлүгүнүн акыбалы батир сатып алууга эмес эптеп жан багууга араң жетүүдө.
Алардан сырткары алыскы чет өлкөлөрдө иштеп жаткан мекендештерибизда Бишкектен үй сатып алууга далалат кылышчу.
Мына ушундай жагдайдан улам курулуштун темпи жайлап, айрымдары такыр токтоп калды.
Жаңы баштайбыз дегендер арасат абалда ойлонуп олтурушат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.