Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын президенти Дэниел Дежарден менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Кумтөр» кенинин 2018-жылдын соңуна чейинки пландык жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрү маселесин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, 2017-жылы «Кумтөр» кенинде17,5 тонна алтын өндүрүлгөн, ал эми үстүбүздөгү 2018-жылга карата 15 тоннага жакын алтын өндүрүү максат кылынган.

Кубатбек Боронов:  «2018-жылдын аягына карай 2017-жылга салыштырмалуу 2,5 тоннага жакын айырмачылык түзүлөт, бул Кумтөр кенинин, ошондой эле мамлекеттик бюджеттин финансы-экономикалык абалына өз таасирин тийгизет. Буга катар 2018-жылдын экинчи кварталында максат кылынган көлөмдөн 16 %га аз алтын өндүрүлгөн», – деди.

Өз кезегинде компаниянын президенти Дэниел Дежарден «Кумтөр» кенинин 2018-жылга чейинки өндүрүштүк көрсөткүчтөрү тууралуу маалымдап, кен казуу боюнча план пландаштырылган убактысына карата эки ай алдыга аткарылганын билдирди.

Дэниел Дежарден: «Бул алтын казуу фабрикасында алтын өндүрүүнүн пландык көрсөткүчтөрүн үчүнчү жана төртүнчү кварталда көбөйтүүнү шарттайт. 2018-жылга карата «Кумтөр Голд Компани» компаниясы тарабынан 14,9 тонна деңгээлинде алтын өндүрүү пландаштырылган. Бирок 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча алтын өндүрүү мерчемделгенден жогору болот», – деди.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өзгөчө белгилегендей, «Кумтөр» кенинде жүргүзүлүп жаткан иштер экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарын сактоо менен аткарылууга тийиш.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз