Кумтөр келишими жаңы бийликти бир топ бушайманга салганы белгилүү. Жакында эле  премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште Кумтөр боюнча маалымат берип жатып,  акыркы келишимде өкмөт макул болбогон жагдайлар бар экенин билдирген. Ал жагдайлар тууралуу өкмөт башчы Абылгазиев канадалык компаниянын жетекчиси менен жолукканда 2017-жылы сентябрь айында кол коюлган келишимди жакшыртуу керек экенин айтканын эске салган болчу.

Бул тууралуу спикер Дастанбек Жумабеков бүгүн парламенттин бир жылдык ишинин жыйынтыгы тууралуу журналисттерге маалымат берип жатып токтолду. Ал маалыматтарга караганда, өкмөт мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тушунда, 2017-жылы күздө Кумтөрдү иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен түзүлгөн макулдашууну кайрадан карап жатат.

Дастанбек Жумабеков:  “Кумтөрдүн тагдыры боюнча өкмөттө жаңы келишим каралып жатат. Анын жыйынтыгы кандай болоорун айта албайм. Кумтөр менен Кыргызстандын ортосунда чечилбей келген көп маселе бар. Эң негизгиси – элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык келишим каралса керек. Экономикага, айрыкча экология үчүн төлөнүүчү төлөмдөрдүн суммасы көбөйүшү мүмкүн”-деди.

Эске сала кетсек, мурунку өкмөт түзгөн соңку келишим азырынча күчүнө кире элек.

Кийинки кездерде Кумтөр алтын кенин сатып алууга кызыкчылыгы бар экенин Лондондо катталган “Чаарат Голд” компаниясы (“Chaarat Gold Holdings Limited”) компаниясы жарыялаганы да маалым.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз