Бүгүн Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын борборубуздагы Биринчи май райондук соту карап, дагы бир ай камакта калтыруу чечими кабыл алынды. Учурда анын тарапташтары соттон акыйкаттыкты талап кылышууда.

К.Кулматов төрт жыл мурда Бишкек шаарынын мэрлик кызматын жетектеп турганда  TBEA компаниясы тарабынан  2 мектеп салынышы үчүн бөлүнгөн гранттык 2 млн долларды мыйзамсыз пайдалангандыгы тууралуу кылмыш иши козголуп, айыпталып келет. ЖК тарабынан түзүлгөн атайын комиссия эки мектептин ордуна бир мектеп салынганын айтып чыгышкан болчу.

 

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз