Учурда КТ-мобайл боюнча депутаттык комиссиянын 2-отуруму өтүүдө. Ага премьер-министр М. Абылгазиев катышып, маалымат берүүдө.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеште «Альфа-Телеком» мамлекеттик компаниясынын эсебинен «КТ Мобайл» компаниясына 345 млн. сом бөлүүнүн мыйзамдуулугун иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

Буга чейин комиссиянын алгачкы жыйыны өтүп, анда «Мегакомдун» жетекчиси Акылбек Жамангулов өзүн Иманкадыр Рысалиев коркутуп-үркүткөнүн айтып чыккан. Рысалиев муну жалаа деп баалап, прокуратурага кайрылган.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз