Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин депутаттарды “чимкирик” атаганына спикердин унчукпай  жатканына ичи ачышып жатканын айтып чыкты.

Депутат Кожобек Рыспаев: “Ал киши бизди эки ирет “чимкирик” атады. Коомчулукта анын айткандары талкууланып жатат. Сиз эмне болуп жатканын көрүп турасыз. Чүй облусунун мурдагы жетекчиси Туйгунаалы Абдраимов журналистке “сенин өңүң жакпай жатат”- дегени үчүн кызматтан алынды. Аны журналисттер  жеп коюшуна аз калды. Сиз бизди коргошуңуз керек”,-деди.

Андан ары экс-президент сөзүнө жооп бериши керектигине токтолду. Жогорку Кеңеште саясий элита отурарын билдирди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз