Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиев кортежден баш тарткан. Мындан улам ал эми башка шаардыктардын катарында кесерип жол тыгынында туруп калышы ыктымал. 

Өкмөттөн билдиришкендей, учурда өкмөт башчы отурган автоунаа  кайтаруучулардын машинелеринин жандоосунда жүрөт. Бул премьер-министрдин Конституцияда жазылган укугу. Бирок, Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын  автоунаалары коштоп келип- кетпейт. Абулгазиевдин автоунаасы көрүнгөндө жол кайгуул кызматкерлери жолдогу кыймылды токтотуп калышпайт. Ошондуктан, көпчүлүктүн катарында келаткан өкмөт башчынын унаасы эгер жол тыгыны жаралса, анда кармалышы да мүмкүн. 

Бирок, өкмөттөн белгилешкендей, азырынча Абулгазиев жол тыгынына кабыла элек. Анткени, ал жумушка абдан эрте келет, саат 7:30да өкмөт башчы жумуш ордунда болуп калат. Бул учурда  жолдо кыймыл аз болот эмеспи. 

 Булак: NewTV

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.