Мындан ары Кыргызстанда коррупция боюнча иштердин баары бир мекемеде каралат. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин бүгүнкү алгачкы жыйынында билдирди.

Жапаровдун айтымында, Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы түзүлдү, эми коррупциялык мүнөздөгү бардык иштер ошол жакта каралат.

“Бул башкармалыкка аброю таза, мурда коррупциялык схемаларга аралашпаган тергөөчүлөр келиши зарыл. Тергөө башкармалыгына тергөөчүлөрдү тандоо ачык жүргүзүлүп, талапкерлердин коррупцияга азгырылышына каршы туруусун аныктоо үчүн полиграфтан жана психологиялык тесттен өтүшү зарыл”, – деди Жапаров.

Президент Ички иштер министрлигине, сот тутумуна, ошондой эле мамлекеттик кызматка жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тандоо учурунда кызматкердин коррупцияга азгырылуусуна каршы туруктуулугун аныктоо үчүн психологиялык диагностика сөзсүз түрдө жүргүзүлүүгө тийиш экенин кошумчалады.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.