Мурдагы элчи Кылычбек Султан эмненин негизинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде сурак берип жүргөндүгү дайын болду.
Бүгүн Кылычбек Султандын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова мурдагы элчи “Бийликти күч менен басып алууга” байланыштуу беренеге ылайык сурак берип жаткандыгын айтты.
Жактоочу Кылычбек Султанды мындай берене менен суракка алууга такыр негиз жок экендигин белгиледи.
Ага себеп катары Кылычбек Султан акыркы убактарда бийликтин дарегине сын пикирлерин айтып, 5- августа элди тынчтык митингине чакырып, президентке импичмент көрсөтүүгө үндөгөн эле.
Мына ушул чакырыктары үчүн суракка чакырылса анда не деген заманда жашап жатабыз деген суроо пайда болот.
Эми жарандар өз көз карашынтарын эркин билдирүү укугунан ажырап тынабы.
“Коркконго кош көрүнөт” дегендей азыр бийликтин дарегине бир аз эле сын айтып, ооз ачып койсон эле суракка чакыра берүү жакшы эмес…

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.