Кыргызстандын  Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Динара Кемелова Сонгюнгван (Sungkyunkwan University) университетинин Деканы Тай Менг Чунг мырза менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Элчи Д. Кемелова өлкөбүздү санариптештирүү, ошондой эле  адам ресурстарын өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик курсту белгилеп, Кыргызстан үчүн билим берүү программаларын көбөйтүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Жолугушуунун жүрүшүндө  тараптар “Маалымат технологиялар” багытында окууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарына Сонгюнгван университетинде магистердик стипендиялык программаларды берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө корея тарабы Кыргызстандын мектептеринде иштеп жаткан мугалимдерди, ошондой эле Жогорку окуу жайлардын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө окуп жаткан  студенттерди  окутуу жана билим менен алмашуу максатында Сонгюнгван университетинин профессордук жана студенттик курамындагы тобун  Кыргызстанга жиберүү планы жөнүндө маалымдады.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.